Иранда 62 адамда холера оорусу аныкталды
Саламаттыкты сактоо министрлигинин Тамак-аш жана суу аркылуу жугуучу оорулар бөлүмүнүн башчысы Мерйем Месудифер Ирандын мамлекеттик телеканалына караштуу Жаш журналисттер клубуна маалымат берди.
Иранда 62 адам холера оорусун жуктуруп алганы кабарланган.
Саламаттыкты сактоо министрлигинин Тамак-аш жана суу аркылуу жугуучу оорулар бөлүмүнүн башчысы Мерйем Месудифер Ирандын мамлекеттик телеканалына караштуу Жаш журналисттер клубуна (YJC) берген маалыматында Иран боюнча ушул убакка чейин 62 адамда холера илдети аныкталганын айтты.
Оорулардын дээрлик бардыгы өлкөнүн батышындагы провинцияларда байкалганын белгилеген Месудифер, бейтаптардын жарымы кошуна өлкөлөргө саякаттап кайтып келгенин айтты.
Месудифер өлкөдө ушул убакка чейин холера оорусунан каза болгондордун жок экенин белгиледи.
Акыркы убактарда Ирактын түндүгүндөгү Эрбил, Сулеймания жана Керкүк шаарларында холера оорусуна катталып, 21-июнда Керкүктө бул дарттан бир кишинин каза болгону жарыяланган.
Тектеш кабарлар
Газада менингит жана гепатит жайыла баштады
Бул тууралуу Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлигинен жазуу түрүндөгү маалымат берилди.