Иранда сел жүрдү
Ирандын түндүгүндөгү Мазендеран аймагында болгон сел апаатында 3 киши каза болду.
Ирандын түндүгүндөгү Мазендеран аймагында болгон сел апаатында 3 киши каза болду.
Мазендера аймагына караштуу Сари, Симгур жана Киякола шаарларында ишемби күндөн бери жаап жаткан жамгырдан улам сел апааты болду.
Селде бир айыл толугу менен жок болуп 3 киши да каза болду. Мазендеран кризис борборунун төрагасы Али Ахмеди: «Симгур менен Киякола шаары башка аймактарга караганда селден эң көп таасирленди. Селде унаа ичинде калган 3 киши каза болду. Алардын бирөөсү аял болгон»,- деди.
Иран Кызылайынын төрагасы Мужтеба Экбери да азыркы учурга чейин 1591 кишинин селден тескери таасирленгендигин айтып : «Селге дуушар болгон бир топ аймак кризис абалынан чыкты бирок изилдөө - куткаруу иштери үчүн жардамга муктаждык бар»,- деди.
Экбери аймактагы 3 айылдын бошотулгандыгын айтты. Мазендерада жамгыр жаашы бейшемби күнгө чейин таасирин улантары билдирилди.
Тектеш кабарлар
Илхам Алиев Москвада Путин менен жолугушат
Эки лидер актуалдуу аймактык маселелер боюнча пикир алмашат.