Испанияда маймыл чечек оорусуна чалдыккандардын саны көбөйдү

Бул тууралуу Испаниянын Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Саламаттыкты сактоо эскертүүлөрү жана өзгөчө кырдаалдар координация борборунан (CCAES) маалымат берилди.

1866271
Испанияда маймыл чечек оорусуна чалдыккандардын саны көбөйдү

Испанияда маймыл чечек оорусун жуктаргандардын саны 5000ден ашты.

Испаниянын Саламаттыкты сактоо министрлигине караштуу Саламаттыкты сактоо эскертүүлөрү жана өзгөчө кырдаалдар координация борборунан (CCAES) берилген маалыматка караганда, өлкөдө маймыл чечек оорусуна чалдыккандардын саны акыркы 5 күндө 220га көбөйүп, 5162ге жетти.

Ушул убакка чейин бул оорудан эки адам каза болгон Испания маймыл чечек оорусу боюнча дүйнөдө Америка Кошмо Штаттарынан (АКШ) кийин экинчи, Европада биринчи орунда турат.

Өлкөдө маймыл чечек оорусу эң көп катталган шаар 2 миң 94 учур менен борбор шаар Мадрид болду.

Июль айынын ортосунан бери Мадридде маймыл чечек оорусуна каршы 1504 адам эмделди жана бул санды көбөйтүү үчүн жаңы вакциналар талап кылынууда.

 



Тектеш кабарлар