Израиль Халеп аэропортуна кол салды

Израилдин Сириядагы Халеп  аэропортуна абадан сокку ургандыгы жана 36 сириялык аскердин каза болгону билдирилди.

2121801
Израиль Халеп аэропортуна кол салды

Израилдин Сириядагы Халеп  аэропортуна абадан сокку ургандыгы жана 36 сириялык аскердин каза болгону билдирилди.

Израилдин Сириянын түндүк - батышында Халеп  провинциясындагы аэропорт жана коргонуу ишканаларына абадан кол салуу жасаганы кабарланды.

Сирия өкмөтүнө жакын социалдык медиа эсептери Израилге  аскердик  учактарынын эл аралык аэропорт менен Сефире районундагы  коргонуу заводдорун бутага алганы жарыяланды. Сирия армиясынын абадан коргонуу системаларынын душмандын ракеталарына жооп бергени белгиленди.

Азырынча тараптар кол салууга байланыштуу расмий билдирүү жасай элек, Сирия Адам укуктары изилдөө уюму кеминде 36 сириялык аскердин каза   болгонун жана көптөгөн адамдардын жаралангандыгын  билдирди.

Израиль Сирияда жарандык согуш башталган 2011 - жылдан бери Халеп  жана Дамасктагы  аэропортторго, Иран колдогон топторго жана Сирия армиясынын аскердик пункттарына маал-маалы менен кол салууларды ишке ашырууда.

 

 



Тектеш кабарлар