Израиль күчтөрү 11 палестиналыкты камоого алды

Израиль абактарында 500гө жакын киши административдик камоодо, жалпы 5 миңден ашуун камактагы кишинин 220сын балдар түзүүдө.

1268239
Израиль күчтөрү 11 палестиналыкты камоого алды

Израиль аскерлери басып алынган Батыш Шериада 11 палестиналыкты камоого алды.

Израиль армиясынан берилген жазуу түрүндөгү маалыматта Батыш Шерианын түрдүү аймактарында түнү менен жүргүзүлгөн тинтүүлөрдө камоого алынгандардын террордук кыймылга аралашкандыгы айтылууда. Маалыматта бул палестиналыктардын аймактагы камоо борборлоруна жиберилгендиги билдирилди.

Батыш Шериа жана Чыгыш Кудста көнүмүш адатка айланган камоолордон кийин кээ бир палестиналыктар алардын ичинен аялдар менен балдар да камоо борборлорунда көптөгөн күн кармалууда.

Израиль «административдик камоо» деген аттын астында палестиналыктарды 1 – 6 ай камап жатат. Камалган кишинин Израилдин коопсуздугу үчүн коркунуч туудуруп жаткандыгына чечим чыгарылган болсо аскердик сот камалуу мөөнөтүн 5 жылга чейин узарта алат.

Палестинанын расмий булактарына караганда Израиль абактарында 500гө жакын киши административдик камоодо, жалпы 5 миңден ашуун камактагы кишинин 220сын балдар түзүүдө.



Тектеш кабарлар