Хаменеи Тегеранда Зияд ан-Нахала менен жолугушту

Ирандын расмий ИРНА агенттигинин кабарына караганда, Хаменеи борбор шаар Тегеранда Нахаланы жана аны коштогон делегацияны кабыл алды.

2121880
Хаменеи Тегеранда Зияд ан-Нахала менен жолугушту

Ирандын диний лидери Аятолла Али Хаменеи Палестинанын Исламий Жихад кыймылынын баш катчысы Зияд ан-Нахала жана аны коштогон делегация менен Палестина жана Газадагы кырдаалды талкуулады.

Ирандын расмий ИРНА агенттигинин кабарына караганда, Хаменеи борбор шаар Тегеранда Нахаланы жана аны коштогон делегацияны кабыл алды.

Жолугушууда Газадагы окуяларга токтолгон Хаменеи: «Сионисттик режимдин бардык аскерий техникасы жана дүйнөнүн ырайымсыз күчтөрүнүн колдоосу менен аялдарды жана балдарды өлтүрүшү, бул режимдин каршылык көрсөтүү күчтөрүнө каршы турууга жана жеңүүгө кудурети жетпегендигин көрсөтүүдө»,-деп сереп салды.

Нахала да бардык кыйынчылыктарга карабастан Газа калкынын Палестинанын каршылык көрсөтүү күчтөрү менен бирге АКШ жана Израилдин пландарын бузгандарын белгилеп, Хамас жана Исламий Жихад кыймылдары баш болгон каршылык көрсөтүү күчтөрүнүн ортосунда толук координация бар экенин маалымдады.

Газадагы абалга баа берген Нахала: «Газа калкы жана каршылык көрсөтүү күчтөрү акыркы жеңишке чейин тикесинен тик турууну улантат жана Аллахтын ырайымы менен акыркы жеңиш өтө алыс эмес келечекте жетишилет»,-деди.

Хаменеи шейшембиде да расмий жолугушууларынын алкагында Тегеранга барган Хамастын Саясий бюросунун төрагасы Исмаил Хания менен жолугушкан.



Тектеш кабарлар