Хасан Рухани Иран дүйнө менен байланышта болбосо жалгыз каларын айтты
Ирандын президенти Хасан Рухани кээ бир чөйрөлөрдү сынга алды.
Ирандын президенти Хасан Рухани дүйнө өлкөлөрү менен байланыш курушпаса жалгыз калышарын, ушул себептен кызыкчылыктарынын негизинде ар бир сүйлөшүү столуна отурушарын айтты. Президент Рухани Кирман аймагына караштуу Бафт шаарындагы бир болот заводунун ачылышында сөз сүйлөдү. Сөзүндө атомдук келишимден чыгуу жана батыш менен карым - катнаштарды азайтууну жактаган консерватор бөлүктү сынга алган Рухани : «Кээ бирлери дүйнө менен байланышта боло турган болсок колубуздагы күчтү жоготорубузду ойлоп жатышат. Өнүгүү жолундагы бир өлкөнүн жалгыз калышын ойлой алышабы? Байланышта болбосок жалгыз калабыз»,- деди.
«Дүйнө менен байланышта болбосок Ирандын жалгыз калышына жол ачат»,- деген Рухани ушул себептен бүткүл дүйнө менен сүйлөшүшкөндөрүн жана улуттук кызыкчылыктарын камсыз кылуу үчүн керектүү болгон бардык сүйлөшүү столуна отурушарын белгиледи.
Тектеш кабарлар
Газада менингит жана гепатит жайыла баштады
Бул тууралуу Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлигинен жазуу түрүндөгү маалымат берилди.