Коалициялык күчтөр Керкүктөн чыкты

Керкүк операциялар командири, генерал-полковник Саад Харбийе, террордук уюм ДЕАШка каршы АКШнын жол башчылыгындагы коалициялык күчтөр жайгашкан Керкүк К1 аскердик базасынан чыккандарын жана көзөмөлдүн Ирак күчтөрүнө өткөнүн белгиледи.

1387305
Коалициялык күчтөр Керкүктөн чыкты

Ирактын Керкүк шаарында орун алган К1 аскердик базасында жайгашкан коалициялык күчтөр чыгып кетти.

Керкүк операциялар командири, генерал-полковник Саад Харбийе, террордук уюм ДЕАШка каршы АКШнын жол башчылыгындагы коалициялык күчтөр жайгашкан Керкүк К1 аскердик базасынан чыккандарын жана көзөмөлдүн Ирак күчтөрүнө өткөнүн белгиледи.

Харбийе, коалициялык күчтөрүнүн шаардын коопсуздугуна камсыздаган салымынан улам канагаттангандарын айтты.

Коалициялык күчтөрдүн террордук уюм ДЕАШка карай күрөшүүдө Ирак күчтөрүнө өзгөчө чалгындоо жана билим берүү тармагында колдоо көрсөткөнүн айткан Харбийе, аскердик, башкаруу жана логистикалык түшүнүктөгү ок-дарылардын дагы Ирак тарабына өткөрүлүп берилгенинин маалыматын бөлүштү.

Иракта АКШга таандык 9 аскердик база бар.

Борбор шаар Багдаддагы Тажи аскердик базасына акыркы айларда үч жолу ракеталык кол салуу болуп, Каим аскердик базасы да ошондой эле түрдө акыркы айларда ар түрдүү кол салууларга дуушар болгон.



Тектеш кабарлар