Крымдагы аскердик аэропортто болгон жарылуу...

Крымдын администрациясынын төрагасы Сергей Аксенов кечээ Новофедоровка конушунун жанындагы Саки аскердик аэропортунда болгон жарылуу тууралуу журналисттерге билдирүү жасады.

1866265
Крымдагы аскердик аэропортто болгон жарылуу...

Орусия мыйзамсыз аннексиялап алган Крымдагы Саки аскердик аэропортунда кечээ болгон жардыруудан бир кишинин каза болгону кабарланды.

Крымдын администрациясынын төрагасы Сергей Аксенов кечээ Новофедоровка конушунун жанындагы Саки аскердик аэропортунда болгон жарылуу тууралуу журналисттерге билдирүү жасады.

Окуяга байланыштуу териштирүүнүн башталганын жана жарылуу болгон жерде иликтөө иштери жүргүзүлгөнүн билдирген Аксенов: «Окуядан 14 адам жабыркап, 1 адам каза болду. Жабыркагандардын бири ооруканага жаткырылды, калгандары үйүндө дарыланууда»,-деди.

Аксенов жарылуудан 62 батир жабыркап, 252 киши убактылуу жайгаштыруу борборлоруна жайгаштырылганын маалымдады.

Орусиянын коргоо министрлигинин кечээки билдирүүсүндө Крымдын Новофедоровка отурукташкан жерине жакын жердеги Саки аскердик аэропортундагы кампада учактын ок-дарылары жарылганы, окуяда жабыркагандардын болбогону жана учактардын зыянга учурабагандыгы билдирилген.



Тектеш кабарлар