Кытайда токойдо өрт чыкты

Өрт өчүрүү ишине катышкан 19 киши каза тапты.

1388149
Кытайда токойдо өрт чыкты

 Кытайда Сычуан аймагында болгон токой өрттөрүн өчүрүү иштерине катышкан 19 киши каза тапты.

Синьхуа агенттигинин кабарына караганда  Шичанг шаарындагы маалымат берүү бюросунан берилген маалыматта  кечээ жергиликтүү убакыт боюнча саат 16 :00 чамаларында бир чарбада чыккан өрттүн катуу шамалдын таасири менен кыска убакытта жакын жердеги тоолуу аймаккка жайылгандыгы билдирилди.

Маалыматта өрт өчүрүү иштерине катышкан топтун саат 02:00  чамаларында шамалдын багытын өзгөртүшү менен токой аянтындагы өрттө калгандыгы маалымдалды.

Өрттө калган топ үчүн баштатылган изилдөө -  куткаруу иштеринде 18 өрт өчүргүч менен аларга жол көрсөткөн бир жергиликтүү токойчунун жансыз денесинин табылгандыгы билдирилди.

China Daily гезити изилдөө – куткаруу иштеринде жаралуу табылган 3 өрт өчүргүчтүн да ооруканага жаткырылгандыгын маалымдады.



Тектеш кабарлар