Латын Америка өлкөлөрүндө коронавирус

Акыркы 24 саатта Бразилияда 255, Мексикада 88, Перуда 29, Чилиде 5 жана Гватемалада 13 адам каза болду.

1866361
Латын Америка өлкөлөрүндө коронавирус

Латын Америка өлкөлөрүндө коронавирустун жаңы түрүнөн (Ковид-19) каза болгондордун саны өсүүдө. Акыркы 24 саатта Бразилияда 255, Мексикада 88, Перуда 29, Чилиде 5 жана Гватемалада 13 адам каза болду.

Бразилия

Бразилиянын Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына караганда, акыркы 24 саатта 255 кишинин каза болушу менен вирустан көз жумгандардын саны 680 миң 786га жетти. 30 миң 935 жаңы учур катталган өлкөдө жуктургандардын саны 34 миллион 96 миң 935ти түздү.

Мексика

Мексиканын Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына ылайык, акыркы 24 саатта 88 адам каза болуп, 14 миң 841 жаңы учур аныкталды.

Пандемиядан каза болгондордун саны 328 миң 525ке, жуктургандардын саны 6 миллион 890 миң 549га, айыккандардын саны 6 миллион 87 миң 871ге жетти.

Перу

Перунун Саламаттыкты сактоо министрлигинин билдирүүсүнө караганда, акыркы 24 саатта 29 адам каза болуп, 6 миң 967 жаңы учур катталды.

Өлкөдө каза болгондордун саны 214 миң 739га, жуккандардын саны 3 миллион 980 миң 850гө, айыккандардын саны 3 миллион 875 миң 611ге жетти.

Чили

Чилинин Саламаттыкты сактоо министрлигинин билдирүүсүнө караганда, акыркы 24 саатта 5 кишинин каза табышы менен Ковид-19дан улам каза болгондордун саны 59 миң 845ке жетти.

Жуктургандардын саны 11 миң 91ге көбөйүү менен 4 миллион 331 миң 416 болуп, 4 миллион 225 миң 466 адам да айыкты.

Гватемала

Гватемала басма сөзүндө орун алган кабарларга караганда акыркы 24 саатта 13 өлүм менен пандемиядан каза болгондордун саны 19 миң 153кө, жуктургандардын саны 3 миң 194кө өсүү менен 1 миллион 63 миң 908ге жетти. Вирус аныкталган 1 миллион 11 миң 911 адам болсо айыкты.



Тектеш кабарлар