Лавров:«АКШ мунай зат үчүн Сирияны бөлүүгө аракет кылууда»

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров, Францияда өткөн Париж тынчтык форумунда сүйлөгөн сөзүндө, Сириядагы акыркы абалдар тууралуу баа берүү жасады.

1305119
Лавров:«АКШ мунай зат үчүн Сирияны бөлүүгө аракет кылууда»

Орусия, АКШнын мунай зат үчүн Сирияны бөлүүгө аракет кылганын жарыялады.

Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров, Францияда өткөн Париж тынчтык форумунда сүйлөгөн сөзүндө, Сириядагы акыркы абалдар тууралуу баа берүү жасады.

Лавров, Түркия, Орусия жана Иран баштаган Астана процесси аркылуу Сирияда режим жана оппозициянын ортосунда диалог мүмкүн экенин белгилеп кетти.

Лавров, АКШнын СДК атын колдонгон жикчил террор уюму ПКК/ЙПГ/ПЙД басып алган жерлерди Сириядан бөлүү жана мунай зат аянттарын көзөмөлгө алууну каалаганын, Перс булуңу өлкөлөрүнөн дагы бул аймактарга чоң инвестиция салууну талап кылганын айтты.

ПКК/ЙПГ/ПЙДнын АКШнын колдоосуна ишенип террор тилкесин куруу жөнүндөгү аракеттерине токтолгон Лавров, ПКК/ЙПГ/ПЙД бул бөлүүчү чечимине АКШнын ар дайым колдоо көрсөтө турганын эсепке алганын, АКШ аларды таштап салганда Башар Асад режими менен жакындашууга аракет кылгандарын жана бул темада Орусиядан жардам сурагандарын түшүндүрдү.

Лавров, АКШнын мунай зат үчүн аймакка кайтышы менен бирге ПКК/ЙПГ/ПЙДнын АКШга кайра жакындап ишенимсиз мамиле көрсөткөнүн айтты.

Сириядагы күрттөрдүн да Женевадагы Конституциялык комитетте өкүлдүк кылынгандарын баса белгилеген Лавров: «Бирок алардын арасында ПКК/ЙПГ/ПЙД жок, түрктөрдүн ПКК/ЙПГ/ПЙДга кандай караганын билесиздер»,-деди.



Тектеш кабарлар