Ливандагы жарылуу боюнча ар кайсы өлкөлөр жардам сунуштап жатышат

Ливандын расмий NNA агенттигинин кабарына ылайык, Бейрут портундагы жарылуучу заттар сакталган 12 номердүү кампада өрт чыгып, жарылуу болду.

1467571
Ливандагы жарылуу боюнча ар кайсы өлкөлөр жардам сунуштап жатышат

Ливандын борбору Бейрутта болгон жарылуудан каза болгондордун саны 100 адамга, жаракат алгандардын саны 4 миңге жетти.

Ливандын расмий NNA агенттигинин кабарына ылайык, Бейрут портундагы жарылуучу заттар сакталган 12 номердүү кампада өрт чыгып, жарылуу болду.

Ливандын президенти Мишел Аван, өрткө 6 жылдан бери кампада кандайдыр бир коопсуздук чарасы көрүлбөстөн чогултулган 2750 тонна аммоний нитраттын жарылышы алып келгенин белгилеп, «бул кабыл алынгыс» деди. Авн, жарылууга себепчи болгондордун жана бардык жооптуулардын эң оор түрдө жазаландырыла турганынын убадасын берди.

Бул окуяда 100 адам каза болуп, 4 миңден ашуун адам жаракат алышты. Жабыркагандардын арасында 2 түрк жараны да бар.

Жарылуудан мурунку премьер-министри Саад аль-Хариринин үйү, өкмөттүн имараты, айланадагы имараттар, көчөлөр бузулуп, дагы деле болсо 3 кабаттуу имараттын урандылары астында калган адамдар болгону айтылат.

Полиция башчысынын айтымында, окуя мурда колго түшкөн жарылуучу заттар сакталган кампада болгон.

Премьер-министр Хасан Дияб: «Бүгүн болгон кырсыкка күнөөлүү адамдар жоопко тартылат»,- деди.

Өлкөдө улуттук аза күтүү жарыяланды.  

Жогорку Коргоо кеңеши апаат болгон аймак деп жарыялаган Бейрутта 2 аптага өзгөчө кырдаал жарыялады.

Белгилей кетчү нерсе, жарылуу Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Эл аралык Ливан соту Ливандын мурдагы премьер-министри Рефик Харириге кол салуу (2005) боюнча доого сот чечими жарыяланганга бир нече күн калганда (7-август) болгону көңүл бурду.

Экинчи жагынан, ысымдарынын ачыкка чыгарылышын каалабаган израилдик аткаминерлер Тель-Авивдин Бейруттагы жарылуу менен эч кандай байланышы жок деп сунуш кылышты.

Бул аткаминерлер жергиликтүү басма сөзгө билдирүү жасап, Израилдин окуяга байланышы жоктугун, жарылуу кокустук болушу мүмкүн деп билдирди.

Ливан Хизбуллахы борбор шаар Бейрутта болгон жарылуунун булагынын, Израиль тарабынан өздөрүнө таандык курал-жарак кампаларына кол салган деген айыпты четке кагышты.

Бейруттун губернатору Мерван Аббуд, Бейрут портунда болуп жаткан жарылуунун 3-5 миллиард доллардык чыгымга алып келгенин белгиледи.

Экинчи жагынан, аймакта катуу жабыркаган мейманканалардын 90 пайызы жараксыз абалга келгени билдирилүүдө.

Жарылуу болгон кампанын жанындагы дан силосу толугу менен кыйрады.

Өлкөдөгү жергиликтүү маалымат каражаттарынын билдиришинче, жарылуудан кийин Ливанда 1 ай гана дан запасы калган.

Бул арада Европа Биримдиги (ЕБ) Бейруттагы жарылуудан улам Ливанга жардам жиберүүнү чечти.

Евробиримдиктин Кризистерди башкаруу боюнча комиссиясынын жооптуусу Янез Ленарчич биринчи кадам катары Ливан бийликтеринин талабы боюнча ЕБнин Жарандык коргонуу механизмин мобилизациялагандыгын айтып, «Евробиримдиктин Жарандык коргонуу механизми издөө жана куткаруу иш-чаралары үчүн атайын иттер менен материалдарды шашылыш жөнөтүү иштерин координациялап жатат, анын катарында100 мыкты үйрөтүлгөн өрт өчүргүчтөр бар. Алар Ливандын бийликтери менен окуя болгон жерде өмүрлөрдү сактап калуу үчүн иштешет»,-делди.

Ленарчич Нидерландия, Греция жана Чехия дагы операцияга катышарын белгилеп, Франция, Польша жана Германия дагы ушул механизм аркылуу жардам берүүнү сунушташты.

Жанез Ленарчич ошондой эле Бейруттагы зыянды аныктоо үчүн Ливандын бийлигине колдоо көрсөтүү үчүн Европа Биримдигинин Коперникалык спутниктик карта системасын мобилизациялагандыгын айтты.

Катар, Ирак жана Иордания дагы жарылуудан кийин Ливанга 4 талаа ооруканасы жана медициналык жардам жиберди.



Тектеш кабарлар