Марк Лоукок Сирия тууралуу Коопсуздук Кеңешине телеконференция аркылуу маалымат берди

БУУ Сирияда жаңы типтеги коронавирус жугузган 10 кишинин бар экендигин алардын ичинен бир кишинин каза болгондугун билдирди.

1388129

БУУнун гуманитардык иштер боюнча жооптуу башкы катчысынын орун басары Марк Лоукок Сирия тууралуу Коопсуздук Кеңешине телеконференция аркылуу маалымат берди.

Лоукок : «Сирияда 10 киши коронавирус жугузуп, бир киши каза болду. Бул  муз тоосунун көрүнгөн гана жагы»,- деди.

Сирияда эпидемия менен күрөшүү үчүн ооруканалардын жарымынан көбүнүн жараксыз экендигин , Сирияга карата санкцияларды жойгонго чакырган Лоукок согуштун бардык тараптарларын дароо ок атышпоого чакырды.

Сирияда 8 миллион кишинин тамак  - ашка муктаж экендигин белгилеген Лоукок өлкөдөгү жарым миллион баланын жетерсиз азыктанууга дуушар болгондугун айтты.

Лоукок Сириянын  түндүк – батышындагы Идлибде болсо ар бир 10 баладан үчөөсүнүн өсүүдө артта калгандыгын, бул балдардын өмүрүнүн калганын бул маселелер менен жашай тургандыгын белгиледи.

Тектеш кабарлар