Мексикада 12 жылда 250 миң киши кылмыштар менен каза болду
Маалыматтар Мексикада кылмыштардын жыл сайын көбөйүп бара жаткандыгын ортого салды.
Мексикада акыркы 12 жылда 250 миң киши кылмыштар менен каза болуп, 37 миңден ашуун киши дайынсыз жоголду.
Американын «The Wall Street Journal» гезитинин кабарына караганда Мексикада 2006 – жылдан бери иштелген кылмыш жана банги зат бандаларынын ортосунда болгон кагылышууларда 250 миң киши каза таптын. Каза болгондордун 150 миңи банги зат бандаларынын ортосундагы кагылышууларда каза болду. Ошол эле мезгилде жоголгон 37 миң 400 кишиден болсо алигече кабар алына албай жатат жана бул кишилердин каза болгондугу болжолдолууда.
Маалыматтар Мексикада кылмыштардын жыл сайын көбөйүп бара жаткандыгын ортого салды.
Бул жылы кылмыштар өткөн жылга караганда 18 пайызга өстү. 2015 - жылы 3 миң 400 болгон жоголгон киши саны болсо өткөн жылы 5 миң 500гө жетти.
Өлкөдө акыркы мезгилде табылган топ киши көмүлгөн мазарлар да көңүлдөрдү бурууда.
Сентябрь айында араларында бөбөктөр да болгон 174 сөөктүн топ киши көмүлгөн мазарга көмүлгөндүгү ортого чыккан.