Муз катмарлары 1990 - жылга караганда дагы ылдам эрип баратат

Дүйнөдөгү муз катмарлары 1990 - жылдарга караганда бир кыйла тез эрий баштады.

1571592
Муз катмарлары 1990 -  жылга караганда дагы ылдам эрип баратат

Климаттын өзгөрүшү менен глобалдык температуранын жогорулашынан улам бүгүнкү күндө дүйнөдөгү муз катмарлары 1990 - жылдарга караганда бир кыйла тез эрий баштады.

1990 - жылдардын ортосунан бери 28 триллион тонна муз жана мөңгүлөр эриген деп билдирилет «The Cyrosphere» аттуу илимий журналда. Жылдык базадагы ээрүү 1990 – жылдарга караганда 57 пайызга дагы ылдам болду. 1990 – жылдары дүйнөдө   жыл сайын 0,8 триллион тонна муз эриген болсо, өткөн жылдары бул 1,2 триллион тоннага чейин жогорулады.

Маалыматты билдирген Лид университетинин мөңгүлөр боюнча илимпозу Томас Слейтер 30 жылдагы мындай ылдамдыктын күтүүсүз болгонун билдирди.

Слейтер мөңгүлүү катмарлар негизинен жашоо чөйрөсүнөн алыс болсо да ичүүгө боло турган суу үчүн тоо мөңгүлөрүнө жана кыш бороондорунан коргонуу үчүн жээктеги муздарга муктаж болгон адамдардын эрүүнүн таасирлерин сезе баштагандыгын баса белгиледи.

Антарктидада, Гренландияда жана тоолордогу мөңгүлөрдөн эрип түшкөн суулар акыркы 30 жылда дүйнөлүк деңиз деңгээлинин 3,5 сантиметрге көтөрүлүшүнө жол ачты.

Бир тараптан таң калтырган нерсе,  дүйнөдөгү муз катмарынын 1 пайызын гана түзгөн тоо мөңгүлөрүнүн эрүү жалпы эрүүнүн 22 пайызын түзгөндүгү болду.

Түндүк уюлда деңиздин муз катмары рекорддук деңгээлге чейин төмөндөөдө. Спутниктен алынган  маалымат боюнча Арктикада деңиздин үстүндөгү муз катмары өткөн жылы 40 жылдан ашуун мезгилдеги экинчи эң төмөнкү деңгээлге түшкөн.

Муздун эриши менен ордун толтурган коюу түстөгү деңиз суусу, күндүн нурларын кайра атмосферага чагылдыруунун ордуна сиңирип, аймактын дагы да ысышына жол ачууда.



Тектеш кабарлар