НАТО космосу жаңы кыймыл аянтын жарыялады

НАТОнун башкы катчысы Йенс Столтенберг космостун жаңы кыймыл борбору болушуна чечим чыгаргандарын айтты.

1310302
НАТО космосу  жаңы кыймыл аянтын жарыялады

НАТОнун башкы катчысы Йенс Столтенберг космостун жаңы кыймыл борбору болушуна чечим чыгаргандарын айтты. Бельгиянын борбор шаары Брюсселде болгон НАТО тышкы иштер министрлеринин жыйынынан кийин маалыматтарды берген Столтенберг бардык союздаштардын союздаштыктын орток коопсуздугу үчүн баш тартылгыс  экендиги тууралуу макулдашкандарын белгиледи.

Столтенберг : «Бардык айырмачылыктарыбызга карабастан бирдикте дагы күчтүүбүз»,- деди.

НАТОнун тышкы иштер министрлеринин союздаштыктын ылайыкташуусу тууралуу маанилүү чечимдердин чыгарылгандыгын айткан Столтенберг : «Космостун аба, кургактык, деңиз, кибернетика жана башка жаңы кыймыл тармагынын болушуна чечим чыгардык»,- деди.

Космостун күнүмдүк жана аскердик турмушта маанилүү экендигин баса белгилеген Столтенберг тынчтык максатында болгондой эле кол салуу үчүн да колдонуларын белгиледи. Столтенберг спутниктердин кол салууга учурашы мүмкүн экендигин, мунун да коммуникация сервистерин баш  - аламан кылышы мүмкүн экендигине көңүлдөрдү бурду.

«Космос ошол эле учурда союздаштыктын коргоо жана баш тарттыруучулугу үчүн да ачкыч мааниге ээ»,- деген Столтенберг космостун чалгындоо кабарларынын чогулушу жана ракеталардын аныкталышы сыяктуу тармактарда роль ойногондугун баса белгиледи.

Столтенберг : «НАТО коргонуу боюнча союздаш. Космоско курал жайгаштыруу сыяктуу ниетибиз жок»,- деди.

Террор менен күрөшүү тууралуу да күн тартибинде экендигин айткан Столтенберг министрлердин НАТОнун террор менен күрөштө ролун өнүктүрүүнү күткөн бир кыймыл планын кабыл алгандыгын айтты. Столтенберг  ушул боюнча союздаштардын террорго карата кыймылдары жана чет элдик согушкерлерге байланыштуу чалгындоо кабарларын бөлүшүүнүн артарын белгиледи.  

НАТОнун тышкы иштер министрлеринин союздаштыктын энергия коопсуздугуна байланыштуу ролун да карап чыгышкандыгын айткан Столтенберг ушунун негизинде айырмачылыктын арттырылышы жана тобокелчиликтердин дагы жакшы түшүнүлүшү менен негизги базистин сакталышы үчүн иштердин тыгыздаштырылышына чечим чыгарылгандыгын жарыялады.

 



Тектеш кабарлар