НАТО саммити терроризм жана Түндүк Африка тема болгон сессия менен аяктады

Саммиттин акыркы күнүндө эртең мененки сессияга НАТОго мүчө 30 өлкөнүн мамлекет же өкмөт башчылары, тышкы иштер жана коргоо министрлери катышты.

1850345
НАТО саммити терроризм жана Түндүк Африка тема болгон сессия менен аяктады

Испаниянын жетекчилигинде Мадридде өткөрүлгөн  32 -  НАТО саммити Терроризм жана Түндүк Африка тема болгон сессия менен аяктады.

Саммиттин акыркы күнүндө эртең мененки сессияга НАТОго мүчө 30 өлкөнүн мамлекет же өкмөт башчылары, тышкы иштер жана коргоо министрлери катышты.

Сессияга Түркиядан президент Режеп Таййип Эрдоган, тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу жана коргоо министри Хулуси Акар катышты.

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг сессиянын ачылышындагы сөзүндө Түндүк Африка менен Сахел аймактарынын бири-бирине байланышкан коопсуздук, демографиялык, экономикалык жана саясий көйгөйлөргө туш болуп жатканын айтты.

Бул кыйынчылыктардын климаттык алмашуунун таасирлери жана Россиянын Украинага кол салуусунан кийин ортого чыккан азык  - түлүк кризиси менен күч алгандыгын баса белгилеген Столтенберг : «Жалпы кыйынчылыктар менен күрөшүү үчүн түштүктөгү өнөктөштөрүбүз менен иштөөнү улантуу биздин пайдабызга. Бүгүн биз НАТОнун туруксуздук менен кантип күрөшө аларын жана терроризмге каршы күрөштү күчөтө аларын карап чыгабыз",- деди.

Саммитте бекитилген стратегиялык консептте НАТО терроризм үчүн «эл аралык коопсуздук, тынчтык жана жарандардын коопсуздугуна карата ассимтериялык коркунуч»,- деди.  

Бир тараптан Эстониянын премьер  - министри Кажа Каллас Финляндия жана Швецияга жасалган НАТОго кошулуу чакыруусунан кийин Россиядан «сюрприз күтүшкөндөрүн» айтты.

Каллас Россиянын гибриддик же кибер кол салууларды баштатышы мүмкүн экендигин белгиледи.



Тектеш кабарлар