НАТОнун саясий жагын күчтөндүрүүчү топ түзүлдү

Столтенберг, жазуу түрүндөгү жарыясында өткөн жылы Англиянын борбор шаары Лондондо өткөн НАТОнун Лидерлер жыйналышында шериктештиктин саясий жагынан күчтөндүрүлүшү үчүн адистерден турган топ түзүлүүсүнө чечим чыгарылганын эске салды.

1388451
НАТОнун саясий жагын күчтөндүрүүчү топ түзүлдү

 

НАТОнун баш катчысы Йенс Столтенберг, шериктештиктин саясий жагын күчтөндүрүш үчүн баа берүү процессин жүргүзө турган кишилердин тизмесин жарыялады.

Столтенберг, жазуу түрүндөгү жарыясында өткөн жылы Англиянын борбор шаары Лондондо өткөн НАТОнун Лидерлер жыйналышында шериктештиктин саясий жагынан күчтөндүрүлүшү үчүн адистерден турган топ түзүлүүсүнө чечим чыгарылганын эске салды.

Сөз болгон топтун 5 эркек жана 5 айымдан боло турганын баяндаган Столтенберг, бул топтун төрагалыгын Томас де Мезьер жана Весс Митчелл менен бирге жүргүзө тургандарын жарыялады.

Топтун НАТОнун келечек муундагы көп саясий ролду милдеттенгени тууралуу иштерди жүргүзө турганын белгилеген Столтенберг, ошол эле убакта Шериктештиктин биримдиги, шеркитештердин арасында саясий координация жана кеңешүү темаларында сунуштары боло турганын белгиледи.

«Даанышман адамдар» тобунда 29 мүчөсү болгон НАТОнун Түркия менен катар 10 өлкөдөн ысымдар орун алат. Топто Түркиядан учурда НАТОнун баш катчысынын орун басарлык милдетин аркалаган элчи Тажан Илдем орун алат.

Даанышман адамдар тобунда Канададан Грета Боссенмайер, Даниядан Аня Анжаард-Нильсен, Франциядан Гюбер Ведрин, Германиядан Томас де Мезьер, Италиядан Дассу Италия, Нидерландиядан Хема Верхаген , Польшадан Анна Фотыга, Великобританиядан Джон Бью жана АКШдан Весс Митчелл орун алат.



Тектеш кабарлар