Өлкөлөрдүн чара көрүүлөрү коронавирусту тизгиндегенге жетпей жатат

Кытайдын Хубей провинциясына караштуу Ухань шаарында пайда болгон жана бир топ өлкөгө жайылган жаңы типтеги коронавирус жуккан киши саны дүйнөдө жалпы 664 миңден ашты, COVID-19дун себебинен жалпы 30 миң 890 киши каза болду.

1387200
Өлкөлөрдүн чара көрүүлөрү коронавирусту тизгиндегенге жетпей жатат

Жаңы типтеги коронавирустан (COVID-19) каза тапкандар жана жуктуруп алгандардын саны дүйнөдө улам көбөйүүдө.

Кытайдын Хубей провинциясына караштуу Ухань шаарында пайда болгон жана бир топ өлкөгө жайылган жаңы типтеги коронавирус жуккан киши саны дүйнөдө жалпы 664 миңден ашты, COVID-19дун себебинен жалпы 30 миң 890 киши каза болду.

Кытайда COVID-19 пандемиясынын себебинен каза тапкандарын саны 3300гө жогорулады, жуктуруп алгандардын саны 81 миң 439 болду. Өлкөдө COVID-19 аныкталган жана ооруканадагы дарылануусу бүткөрүлүп чыгарылгандардын саны болсо 75 миң 448.

Иранда 2640 киши каза таап, жуктуруп алгандардын саны 2901 кишиге көбөйүп 38 миң 309га жетти. 12 миң 391 киши оорукандан чыгарылды. Өлкөнүн Резеви Хорасан провинциясына караштуу Гүнабад районунда 35 күндүк ымыркайда жаңы типтеги коронавирус аныкталды.

Катарда жаңы типтеги коронавирустан (COVID-19) алгачкы өлүм катталып, жуктуруп алгандардын саны 590го жектени, 45 кишинин болсо айыгып чыкканы жарыяланды.

Орусияда жаңы типтеги коронавирус (COVID-19) пандемиясынан каза тапкандардын саны 8ге, жуктуруп алгандардын саны 534кө жогорулады. Орус өкмөтү авто жана темир жолу чек ара капкаларын 30-марттан тарта убактылуу жабуу чечимин чыгарды.

Израилде 13 адам каза болгону, жаңы типтеги коронавирус (COVID-19) аныкталган киши саны 3 миң 865ке жогорулады. Буга кошумча премьер-министр Беньямин Нетаньяхунун жаңы типтеги коронавирус (COVID-19) пандемиясынын себебинен Германиядан  дем алдыргыч аппарат талап кылганын, бирок немис кесиптеши Ангела Меркелдин бул талапты четке какканы айтылды.

Вирустун себебинен 2 киши көз жумган Молдовада жуктуруп алгандардын саны 231ге жогорулады.

43 киши вирустан каза тапкан Иракта, COVID-19га чалдыккан 506 кишиден биринин соода министри Мухаммед Хашим эл-Анинин башкы кеңешчиси Велид эл-Халу болгону жарыяланды. Керкүк шаарында жаңы типтеги коронавирус чара көрүүлөрүнүн алкагында ишке ашырылган көчөгө чыгууга тыюу салуу 11-апрелге чейин узартылды.

Тунисте COVID-19дан каза тапкандардын саны 8ге, жуктуруп алгандардын саны 278ге жетти.

Палестинада болсо дагы 6 кишиде вирус белгиленип инфекцияга кабылгандардын саны 104 болду.

Алжирде COVID-19дун себебинен каза болгондордун саны 29га жогорулап, жуктуруп алгандардын саны 454 болду.

Марокконун Саламаттык сактоо министрлигинин эпидемология директорлугунун өкүлү Мухаммед Эл-Мурабыт, басма сөзгө берген маалыматында, өлкөдө COVID-19дун себебинен каза тапкандардын санынын 27ге, жуктуруп алгандардын санынын болсо 450гө жеткенин айтты. Саламаттык сактоо министрлиги өлкөдө жаңы типтеги коронавирустун себебинен 17 айлык бир баланын каза тапканын маалымдады.

Омандын Саламаттык сактоо министрлиги болсо дагы 15 кишиде COVID-19 белгиленгенин жана акыркы көрсөткүчтөр менен жалпы өлкөдө жуктуруп алгандардын саны 167ге жогорулаганын бөлүштү.

Иорданиянын саламаттык сакто министри Саад Жабир, маалымат жыйынында дагы 11 кишиде вирус аныкталганын жана өлкөдөгү жалпы жуктуруп алгандардын санынын 246га жогорулаганын айтты.

Ливиянын Улуттук ынтымак өкмөтү COVID-19га чалдыккандардын санынын 3кө жогорулаганын жарыялады. Улуттук кыймыл өкмөтү COVID-19 чараларынын алкагында көчөгө чыгуу тыюу салуусунун мөөнөтүн 17 саатка чыгарды.

Египеттин саламаттык сактоо министрлиги COVID-19дан каза тапкандардын саны 36га жогорулаганын, жаңы жуктуруп алган 40 киши аныкталганын, өлкөдө жалпы жуктуруп алгандардын саны 576га жектенин жарыялады. Министрлик дарылануунун натыйжасында айыгып чыккандардын 121 киши экенин белгиледи. Египетте жаңы типтеги коронавирус пандемиясынын себебинен 10 провинцияга караштуу шаар жана айылдар карантинге алынды.

Малайзияда COVID-19дун себебинен 27 киши каза болду, жуктуруп алгандардын саны 2 миң 320 болду. Коопсуздук күчтөрү коронавирус пандемиясына карата көрүлгөн чаралардын алкагында көчөгө чыгууга тыюу салууга элдин баш ийип же ийбегенин белгилеш үчүн дрондорду колдонууда.

Арменияда 55 жана 73 жаштагы 2 бейтап каза тапты. Ушундайча COVID-19дун себебинен каза болгондордун саны 3кө жогорулады. Өлкөдө дагы 17 кишиде COVID-19 аныкталышы менен жуктуруп алгандардын саны 424кө жетти.

Украинада бир кишинин каза болушу менен бирге каза болгондордун саны 9га, 109 кишиде вирус аныкталышы менен жуктуруп алгандардын саны 418ге жогорулады.

Казакстанда жуктуруп алгандардын саны 37ге көбөйүп  265ке жогорулады, айыгып чыккандардын саны 18ге жетти.

Өзбекстанда болсо жуктуруп алгандардын саны 29 кишиге көбөйүп 133 болду. Айыгып чыгарылган 7 киши да Саламаттык сактоо министри Алишер Шадманов жана оорукананын кызматкерлери тарабынан узатылды.

Грузияда жуктуруп алгандардын саны 6га көбөйүп 84 болду. Айыкккандардын саны 4 кишиге көбөйүп 18 болду.

Кыргызстанда жуктуруп алгандардын саны 26 кишиге көбөйүп 84 болду. Бейтаптардан үчөөнүн реанимацияда болгону, вирустун себебинен 4 миң 886 кишинин ооруканада, 3 миң 338 кишинин үй карантининде кармалганы маалымдалды.

Того жана Малиде жаңы типтеги коронавирустун себебинен алгачкы өлүмдөр катталды.

Африка материгинде 46 өлкөдө орто эсеп менен 2500 COVID-19ду жуктуруп алган киши аныкталып 75тен ашуун киши вирустун себебинен каза болду. Материкте вирусту жуктуруп алган 214 киши айыгып чыкты. Конго Элдик Республикасында коронавирус пандемиясына каршы көрүлгөн чаралардын алкагында өзгөчө кырдаал жана көчөгө чыгууга чектөөлөр киргизилди.

 



Тектеш кабарлар