Ооганстанда сел жүрдү

Каза тапкандардын арасында балдар да бар.

1166888
Ооганстанда сел жүрдү

Ооганстандын батышындагы Герат провинциясында катуу жааган жамгырдан улам сел жүрүп 13 киши каза болду.

Герат губернатору Абдул Каюм Рахими, аймактын жалпысында бир канча күндөн бери уланып жаткан жамгырлардын селге себеп болгонун белгиледи.

Селге кабылган 13 кишинин каза тапканын билдирген Рахими, алардын арасында балдардын да бар экенин айтты.

Рахими селдин айынан жүздөгөн үйдүн зыянга учурагандыгын кошумчалады.



Тектеш кабарлар