Ооганстанда Талибандын кол салуулары күчөдү

Ооганстандын тышкы иштер министри маалымат берди.

1663483
Ооганстанда Талибандын кол салуулары күчөдү

Ооганстандын тышкы иштер министри Мухаммед Ханиф Атмар, чет өлкөлүк күчтөрдүн өлкөдөн чыгып кетиши менен Талибандын кол салууларын күчөткөнүн билдирди.

Атмар Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Коопсуздук Кеңешинин Ооганстан боюнча онлайн жыйынында Талибандын бир нече айдан бери "өтө маанилүү болгон" тынчтык сүйлөшүүлөрүнө катышпаганын белгиледи.

Чет элдик күчтөрдүн өлкөдөн чыгып кетиши менен Талибандын кол салуулары көбөйгөнүн кабарлаган Атмар, бул кол салуулардын өзгөчө карапайым калкка багытталгандыгын айтты.

Атмар, Талибандын аймактык жана эл аралык террордук топтор менен байланышты үзүү боюнча убадасын аткарбаганын баса белгиледи.



Тектеш кабарлар