Орусия АКШга каршы чара көрөт

Путин өлкөдөгү мекемелерге буйрук берди.

1257468
Орусия АКШга каршы чара көрөт

 

Орусиянын президенти Владимир Путин өлкөсүндөгү мекемелерге АКШнын жараткан коркунуч деңгээлин анализдөөсү жана комплекстүү чараларды көрүүсү үчүн даяр турууга буйрук берди.

Путин Коопсуздук кеңешинин жыйынында, АКШнын Орто аралыктагы ядролук күчтөр келишиминин алкагында тыюу салынган ракетасын сыноосуна сереп салды.

АКШнын Румыния жана Польшада К-41 ракета учуруучу системалары мурдатан жайгаштырылгандыгын эске салган Путин: «Келишимдин бузулгандыгы ачык-айкын, буга каршы чыгуулары мүмкүн эмес. Өздөрү муну жарыялашты. АКШ биздин санаркоолорубузду ырастады»,-деп айтты.

Путин, АКШнын Орто аралыктагы ядролук күчтөр келишиминин негизинде тыюу салынган ракеталарды дүйнөнүн ар кайсы аймактарына жайгаштырууну пландап жатканын белгилеп: «Америкалык жооптуу кызматкерлер, жаңы системалардын Азия-Тынч океан аймагына жайгаштырыла турганын айтып жатышат. Бул биздин негизги кызыкчылыктарыбызга таасирин тийгизүүдө, анткени аты аталган аймактар Орусиянын чек араларына жакын»,-деди.

Орусиянын өз экономикасын кыйнай турчу жарышка кирбей турганына көңүл бурган Путин, бирок өлкөнүн коопсуздугун сактоону уланта турганын баса белгиледи.

 



Тектеш кабарлар