Орусия Сиринын нефть аянттарын текшерүүгө алууга аракет кылган АКШны уурулук менен айыптады

Лавров : «АКШнын Сириянын нефть аянттарын текшерүүгө алууга аракет кылышы албетте мыйзам тышы жана уурулукка тең келет",- деди.

1304404
Орусия Сиринын нефть аянттарын текшерүүгө алууга аракет кылган АКШны уурулук менен айыптады

 Орусиянын тышкы иштер министри Сергей Лавров АКШнын Сириянын нефть аянттарын текшерүүгө алууга аракет кылышынын уурулукка тең экендигин белгиледи. Лавров Армениянын борбор шаары Ереванда Армениянын тышкы иштер министри Зохраб Мнатсаганян менен жолугушкандан кийин биргеликте өткөргөн пресс - жыйында сөз сүйлөдү.

АКШнын Сириядагы иштеринин мыйзам тышы экендигин белгилеген Лавров : «АКШнын Сириянын нефть аянттарын текшерүүгө алууга аракет кылышы албетте мыйзам тышы жана уурулукка тең келет. Сирия кризисинин чечилишине да эч бир салым кошпойт»,- деди.

Сириядагы АКШнын иштеринин азыркы учурдагы тынчсыздантуучу абалды дагы да начарлаткандыгына көңүлдөрдү бурган Лавров : «Сөзү болгон бул иштер олуттуу коркунучту түзүүдө. Сирия армиясынын АКШнын текшерүүсү астындагы нефть аянттары жана бардык өлкөнүн текшерүүсүн алышы үчүн катуу турабыз»,- деди.

Тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу бир канча убакыт мурда берген маалыматында  АКШнын өзгөчө нефть запастары үчүн Сирияда экендигин моюнга алгандыгын белгилеп : «Сириянын байлыктарында Сирия калкынын тышында эч кимдин акысы жок»,- деген.



Тектеш кабарлар