Орусияда «Беритан» коому жабылды
«Беритан» коому 2015-жылы түзүлгөн болчу.
1310876
Орус соту, террордук уюм ПКК/ЙПГ колдоочусу, жалгандан күрт аялдарынын укуктарын жактаган «Beritan» коомун саясий иштерди жүргүзүп жаткандыгы себеби менен жапты.
Орусияга караштуу Адыгея Республикасынын жогорку сотунан маалымдалгандай, террордук уюм ПКК/ЙПГни колдогон «Beritan» коомунун иштери токтотулду.
Билдирүүдө: «Коом, саясий иштерди жүргүзгөндүктөн жабылды. Бул иши, коомдун өз уставына жана Орусиянын жарандык коомдук уюмдарынын мыйзамдарына туура келбейт»,-деген сөздөргө орун берилди.
«Beritan» коому Адыгея Республикасынын Белое аймагында 2015-жылы түзүлгөн болчу.
Тектеш кабарлар
Газада каза болгондордун саны
Израилдин Газа тилкесине 195 күндөн бери улантып жаткан кол салуулары тууралуу маалымат берилди.