Орусияда оппозициячылдардын үйлөрү менен офистеринде тинтүү жүргүзүлдү

Алексей Навальный жалпы өлкөдөгү офистеринде жана колдоочуларынын үйлөрүндө полициянын тинтүү жүргүзгөндүгүн билдирди.

1269025
Орусияда оппозициячылдардын үйлөрү менен офистеринде тинтүү жүргүзүлдү

Орус оппозициячыл,  активист жана «Коррупция менен күрөшүү фондунун» куруучусу Алексей Навальный жалпы өлкөдөгү офистеринде жана колдоочуларынын үйлөрүндө полициянын тинтүү жүргүзгөндүгүн билдирди.

Навальный социалдык медиа эсебинен берген маалыматта жалпы Орусияда 41 шаарда фонддун кызматкерлеринин үйлөрү менен офистери болгон 200дөн ашуун адресте коопсуздук күчтөрү тарабынан тинтүү жүргүзүлгөндүгүн белгиледи. Навальныйдын катчыларынан Леонид Волков да адрестердин алдап акча алуу айыптоосу менен тинтилгендигин белгилеп : «Тинтүүлөрдөн кийин бардык кызматкерлер алдап акча алуу айыптоосу менен күбө катары тергөөгө алынууда. Күчтөрдүн негизги максаты техникалык каражаттарды колго алуу»,- деди.



Тектеш кабарлар