Орусиянын "Борбор - 2019" машыгуусуна 128 аскер катышат

Орусиянын коргоо министринин орун басары Александр Фомин «Борбор  - 2019»  аскердик машыгуу тууралуу чет элдик аскердик аташелер жана журналисттерге маалымат берди.

1268426
Орусиянын "Борбор  - 2019" машыгуусуна 128 аскер катышат

Орусиянын коргоо министринин орун басары Александр Фомин Орусия армиясынын өлкөнүн түндүгүндө өткөрө турган «Борбор  - 2019» машыгуусуна 128 миң аскердин катышарын жарыялады. Фомин борбор шаар Москвада өткөргөн брифингде 16 – 21 -  сентябрда өткөрүлө турган «Борбор  - 2019»  аскердик машыгуу тууралуу чет элдик аскердик аташелер жана журналисттерге маалымат берди.

Машыгуунун Орусиянын Оренбург, Астрахань, Челябинск, Алтай, Кемерова аймактарында өткөрүлөрүн белгилеген Фомин : «Машыгууда 128 миң аскер, 20 миңден ашуун аскердик каражат, 600гө жакын учак, тик учарлар менен учкучсуз унаа аппараттары, 200дөн ашуун танк жана 15ке жакын аскердик кеме катышат»,- деди.

Машыгуунун негизги темасынын эл аралык терроризм менен күрөшүү жана Орто Азияда коопсуздуктун түзүлүшү экендигин айткан Фомин 8 өлкөдөн аскердик бөлүктөрдүн машыгууга катышарын билдирди.

Фомин машыгуунун эки баскычта өтөрүн айтып  : «Биринчи баскычта абал аныкталат, абадан кол салууларга карата коргонуу чаралары көрүлөт жана бөлүктөрдүн башкарылышы пландалат. Экинчи баскычта түрдүү улуттардан турган армия гипотетикалык душманга кол салат»,- деди.

Орусия өткөн жылы да 297 миң аскердин катышуусу менен «Восток  - 2018» машыгуусун өткөргөн.



Тектеш кабарлар