Орусиянын Идлибдеги кол салуулары уланып жатат

Орус согуштук учактары кечээ эртең менентен бери бир канча айылды бомбалашты.

1345107
Орусиянын Идлибдеги кол салуулары уланып жатат

Орус согуштук учактарынын Сириянын Идлиб аймагындагы отурукташуу жерлерине кол салууларынан 26 жаран көз жумду.

Оппозициячылдарга таандык учак обсерваториясынын билдирүүсүнө караганда, орус согуштук учактары кечээ эртең менентен бери бир канча айылды бомбалашты.

Жарандык коргонуу тобунун маалыматына караганда, Идлибдин Бара айылында 2, Халебдин батыш элет жериндеги Кефер-Теал айылында бир үй-бүлөдөн 6сы бала жалпы 9, Такад айылында 1, Жидраяда 2, Терманинде 1, Кефер-Нахада 2, Ирхабде1, Кефер-Нуранда да 8 жалпы 26 жаран каза тапты.

Жарандык коргонуу топторунун издөө-куткаруу иштери уланып жатканда, бир тараптан өрттөр өчүрүлдү.

Кол салуулар уланып жаткандыктан каза тапкандардын саны көбөйүшү мүмкүн экени билдирилди.



Тектеш кабарлар