Орусиянын нефть экспорту өстү

Орусиянын нефть экспорту жылдын 9 айында өткөн жылдын ошол эле мезгилине караганда 3,3 пайызга өскөн болсо, алынган киреше 4 пайызга артка кетти.

1304428
Орусиянын нефть экспорту өстү

Орусиянын нефть экспорту жылдын 9 айында өткөн жылдын ошол эле мезгилине караганда 3,3 пайызга өскөн болсо да, алынган киреше 4 пайызга артка кетти.

Орусия федералдык бажы сервисинин маалыматтарына караганда өлкөнүн нефть экспорту январь  -  сентябрь мезгилинде 3, 3 пайызга өсүп, 197,6 миллион тонна болду. Экспорт көлөмүндөгү өсүүгө карабастан эл аралык базарда нефть бааларынын артка кетиши, кирешенин азайышына жол ачты.

Бул мезгилде Орусиянын нефть экспортунан алынган киреше өткөн жылдын ошол эле мезгилине караганда 4 пайызга азайып, 90,4 миллиард долларга түштү.

Орусиянын көмүр экспорту 4, 9 пайыздык өсүү менен 153, 5 миллион тоннага жогорулап, тышка сатуу наркы болсо 12, 3 миллиард доллар менен туруктуу болду.

Орусия өткөн жылы нефть экспортунан 129 миллиард доллар киреше тапкан.

 

 



Тектеш кабарлар