Орусиянын Украинадагы чабуулдары

Игорь Конашенков Орусия-Украина согушундагы орус армиясынын чабуулдары тууралуу билдирүү жасады.

1866690
Орусиянын Украинадагы чабуулдары

Орусиянын Коргоо министрлигинин басма сөз катчысы Игорь Конашенков, Украинанын Днепр аймагында украин армиясына таандык "Ми-24" үлгүсүндөгү аскердик тик учактын атып түшүрүлгөнүн маалымдады.

Игорь Конашенков Орусия-Украина согушундагы орус армиясынын чабуулдары тууралуу билдирүү жасады.

Конашенков орус күчтөрүнүн Украинадагы аскерий элементтерге каршы чабуулдарын улантып жатканын, Украинанын Бахмут жана Авдийевка шаарлары багытындагы Украин куралдуу күчтөрүнүн 14чү жана 66-механикалаштырылган бригадаларынын жоокерлеринин 50 пайызынын таасирсиз абалга келтирилгенин кабарлады. 

Акыркы 24 саатта 20 башкаруу борбору, ок-дары кампасы жана «С-300» абадан коргонуу системасынын локатордук системасынын жок кылынганын билдирген Конашенков: "Ми-24 тибиндеги аскер тик учагы Днепр аймагындагы Никополь шаарына жакын жерде Орусиянын Аскердик аба күчтөрү тарабынан атып түшүрүлдү. Акыркы 24 саатта 7 учкучсуз учуучу аппарат жок кылынды",- деди.

Игорь Конашенков: «Бүгүнкү күнгө чейин Украинага таандык 267 учак, 146 тик учак, 1727 учкучсуз учуучу аппарат, 365 абадан коргонуу ракеталык системасы, 4287 танк жана бронетехника, 797 көп стволдуу ракета аткычтар, 3290 гаубица жана минометтор, ошондой эле 4820 атайын аскердик техникасы жок кылынды",-деп кабарлады. 



Тектеш кабарлар