OSIRIS-REx топтогон метеорит үлгүлөрүн капсулага жайгаштырды
НАСАнын космостук кемеси чогулта турган үлгүлөр Күн системасынын пайда болушуна байланыштуу жаңы ачылыштарга каалга ачаары күтүлүүдө.
Америка Кошмо Штаттарынын (АКШ) Улуттук авиация жана Космостук агентигинин (НАСА) космостук кемеси OSIRIS-REx топтогон метеорит үлгүлөрүн жерге алып келүү үчүн капсулага жайгаштырды.
20-октябрда OSIRIS-REx тийген Бенну аттуу метеориттен робот колу тарабынан чогултулган үлгүлөр космоско тарай баштаганда учуу контроллери операцияны тездетти.
НАСАнын билдирүүсүндө OSIRIS-REx миссиясынын, космостук кеменин үлгү чогултуучу башын капсуланын (SRC) ичине ийгиликтүү жайгаштырганы белгиленди.
НАСАнын космостук кемеси чогулта турган үлгүлөр Күн системасынын пайда болушуна байланыштуу жаңы ачылыштарга каалга ачат деп күтүлүүдө.
Тектеш кабарлар
Газада менингит жана гепатит жайыла баштады
Бул тууралуу Палестинанын Саламаттыкты сактоо министрлигинен жазуу түрүндөгү маалымат берилди.