Польша тарабынан курулган темир дубал

Премьер-министр Матеуш Моравецки Беларусь чек арасында курулган темир дубалды карап чыкты.

1850396
Польша тарабынан курулган темир дубал

Польша иммигранттарды киргизбөө үчүн Беларусь чек арасына кура баштаган темир дубалдын курулушун аяктады.

Премьер-министр Матеуш Моравецки Беларусь чек арасында курулган темир дубалды карап чыкты.

Моравецкий бул жердеги билдирүүсүндө, Украинадагы согуштун биринчи белгисинин Беларустун президенти Александр Лукашенконун Польша чек арасына кол салуусу болгонун жактады.

Польша өкмөтү январь айында кура баштаган дубалдын Орусияга каршы күрөштүн бир бөлүгү экенин белгилеген Моравецки, Беларусь чек арасына 5,5 метр бийиктиктеги 186 километр темир дубалдын курулушунун аяктаганын айтты.

Миллиондогон украиналык качкындарга да каалгаларын ачкандарын эске салган Моравецки: «Саясий кыраакылыгыбыздын негизинде биз бүгүн Украинага жардам бере алдык»,-деди.

Укук коргоочулар болсо христиан иммигранттарын кабыл алып, мусулман иммигранттарды четке каккан өкмөткө каршылык көрсөтүштү.



Тектеш кабарлар