Путин-Меркель сүйлөшүүсү

Сүйлөшүүдө бир катар маселе каралды.

1304701
Путин-Меркель сүйлөшүүсү

Орусиянын президенти Владимир Путин Германиянын канцлери Ангела Меркель менен Украинанын чыгышындагы кризистин чечилүүсүн сүйлөштү.

Кремлдин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, Путиндин Меркель менен телефон аркылуу сүйлөшүү өткөргөндүгү белгиленди.

Донбас аймагына атайын статустун берилишин көздөгөн мыйзамдардын түзүлүүсүнүн маанисине басым жасалган билдирүүдө: «Эки лидер, Украинанын чыгыш кризисинин Минск келишимдеринин алкагында чечилүүсү керектигин баса белгилешти»,-деген сөздөргө орун берилди.

Билдирүүдө Орусия, Украина жана Европа Биримдигинин ортосундагы үч тараптуу жаратылыш газ сүйлөшүүлөрүнүн да каралгандыгы белгиленди.

Ошондой эле Сирия маселесинин талкуулангандыгы маалымдалган билдирүүдө: «Сүйлөшүүдө баш калкалоочулардын Сирияга кайтуулары менен катар өлкөдөгү гуманитардык абалдын чечилүүсүнүн маанилүү экенине басым жасалды»,-делди.



Тектеш кабарлар