Путин-Трамп сүйлөшүүсү

Эки лидер телефон аркылуу сүйлөшүү өткөрдү.

1387989
Путин-Трамп сүйлөшүүсү

Орусиянын президенти Владимир Путин менен АКШнын президенти Дональд Трамп жаңы типтеги коронавирус эпидемиясы жана дүйнөлүк мунай рынокторундагы акыркы абалды карап чыгышты.

Кремлдин жазуу түрүндөгү билдирүүсүндө, президент Путин менен АКШнын президенти Дональд Трамптын ортосунда телефон сүйлөшүүсү өткөрүлгөндүгү маалымдалды.

Билдирүүдө: «Путин менен Трамп, жаңы типтеги коронавирус эпидемиясынын масштабына байланыштуу олуттуу тынчсызданууларын билдиришти жана бул коркунучка каршы туруу үчүн Орусия менен АКШнын көрүлүп жаткан чаралар жөнүндө бири-бирине маалымат беришти. Эки өлкөнүн ортосунда бул багытта өз ара аракеттешүү мүмкүнчүлүктөрү талкууланды»,-деген сөздөргө орун берилди.



Тектеш кабарлар