Путин жаңы кабинетти бекитти

Орусиянын президенти Владимир Путин, премьер-министр Михаил Мишустин сунуштаган министрлер кабинетин бекитти.

1345175
Путин жаңы кабинетти бекитти

Орусиянын президенти Владимир Путин, премьер-министр Михаил Мишустин сунуштаган министрлер кабинетин бекитти.

Путин бекиткен жаңы кабинетте тышкы иштер министри Сергей Лавров, коргоо министри Сергей Шойгу, энергетика министри Александр Новак, ички иштер министри Владимир Колокольцев орундуктарын коргоп калышса, экономика, адилеттик, спорт жана маданият министрликтеринде ысымдар алмашты.

Орусиянын биринчи вице-премьер министри жана каржы министри Антон Силуановдун каржы министрлиги кызматында калды. Жаңы өкмөттө биринчи вице-премьерликке Силуановдун ордуна Путиндин экономика кеңешчилигин жүргүзгөн Андрей Белоусов дайындалды.

Жаңы өкмөттө экономикалык өнүгүү министрлиги милдетин болсо Максим Орешкиндин ордуна Перм облусунун губернатору Максим Решетников аркалайт.

Бекитилген кабинетте премьер-министрдин орун басарларынын саны 10дон 9га түшүрүлсө, Белоусов менен катар бул кызматтарды жүргүзө турган ысымдар; Дмитрий Григоренко, Юрий Трутнев, Виктория Абрамченко, Юрий Борисов, Татьяна Голикова, Алексей Оверчук, Марат Хуснуллин жана Дмитрий Чернышенко болгону жарыяланды.

Орундугунан ажыраган спорт министринин ордуна Олег Матыцин, маданият министринин ордуна Ольга Любимова, адилет министринин ордуна Константин Чуйченко дайындалды.

Путин жаңы кабинет менен өткөргөн алгачкы жыйналышта мүчөлөргө ийгилик каалап, премьер-министр Мишустин да калк, саламаттык сактоо жана өнүгүүнүн жогорулатылышы темаларында белгиленген милдеттеринин ылдам түрдө ишке ашырылышы керектигин айтты.



Тектеш кабарлар