Россия Армениянын жардам өтүнүчүн четке какты

Бул тууралуу маалымат Россиянын Тышкы иштер министрлигинен берилген.

1519323
Россия Армениянын жардам өтүнүчүн четке какты

Россия, Армениянын премьер-министри Никол Пашиняндын дагы бир жолу жардам сураган өтүнүчүнө жооп иретинде кагылышуулардын Армениянын территориясында болбогонун эске салды.
Россиянын Тышкы иштер министрлигинин жазуу түрүндөгү жарыясында, Армениянын премьер-министри Никол Пашиняндын Россиянын президенти Владимир Путинге кат жөнөтүп, Россиянын Арменияга кандай колдоо көрсөтө ала турганы темасында кеңешүүлөрдүн башталышы боюнча чакырык салганына баа берилди.
Россиянын Армения менен 1997-жылы түзгөн Достук, кызматташтык жана эки тараптуу колдоо келишимине шилтеме кылынган билдирүүдө,"Келишимге ылайык Россия ок атышуулар түздөн-түз Армениянын территориясына кирсе, анда Арменияга тийиштүү жардам берилет. Тоолуу Карабахта уланып жаткан кагылышуунун тараптарына тез арада ок атууну токтотуу чакырыгыбызды кайталайбыз",делди.
Азербайжан армиясы, Тоолуу Карабахта 27-сентябрда башталган операцияда 4 шаардын борбору, 3 район жана 200 чакты айыл менен айрым маанилүү дөбөлөрдү Армениянын басып алуусунан бошоткон болчу.



Этикеткалар: #Арменияга , #Азербайжан

Тектеш кабарлар