Россия Латвияга каршылык көрсөттү

Россия Латвия  парламентинин Россияны "террорго колдоо берген мамлекет" катары аныктоо чечиминин эл аралык укукка тескери экендигин билдирди.

1867082
Россия Латвияга каршылык көрсөттү

Россия Латвия  парламентинин Росияны "террорго колдоо берген мамлекет" катары аныктоо чечиминин эл аралык укукка тескери экендигин билдирди. 

Тышкы иштер министрлигинен берилген жазуу түрүндөгү маалыматта кечээ Латвия парламентинин мүчөлөрүнүн Россияны "террорго колдоо берген мамлекет" катары кабыл алгандыгы эске салынды. 

Мунун "көкүтүүчү" чечим экендиги баса белгиленген маалыматта : "Латвия парламентинин бул кадамы эл аралык укукка тескери жана БУУнун  жобосунун 2 -  беренесинде орун алган мамлекеттердин эгемендүү теңдиги тууралуу принципти бузуп жатат",- деп айтылды. 

Латвия башкаруусунун Россияга каршы саясат жүргүзгөндүгү, фашизмди  колдогондугу жана өз жарандарын жалданма аскер катары Украинага жебирүүнү колдогондугу белгиленген билдирүүдө : "Латвия депутаттары көкүтүүчү аракеттерин токтотуусу керек. Өлкөсү жана жарандарынын кызыкчылыктарына көңүл буруу менен кайсы эл тарабынан шайлангандарын эске салышы керек",- деп айтылды. 

 

 



Тектеш кабарлар