Россия Украинанын жоготуулары тууралуу маалымат берди

Министрликтин басма сөз катчысы Игорь Конашенков орус армиясынын Россия-Украина согушундагы аракеттери тууралуу маалымат берди.

1850433
Россия Украинанын жоготуулары тууралуу маалымат берди

Россиянын Коргоо министрлиги орус аскердик бөлүктөрүнүн  миссиясын аяктагандан кийин Жылан аралынан чыгарылгандыгын билдирди.

Министрликтин басма сөз катчысы Игорь Конашенков орус армиясынын Россия-Украина согушундагы аракеттери тууралуу маалымат берди.

Жылан аралындагы абалга токтолгон Конашенков буларды айтты :"Россия, Россиянын Куралдуу Күчтөрү жакшы ниеттин белгиси катары Жылан аралында өздөрүнө жүктөлгөн милдеттерди аткарып, ал жерден аскер бөлүктөрүн чыгарды.  Ушундайча Россия Федерациясынын  БУУнун Украина жерлеринен дандардын чыгарылышы үчүн гуманитардык коридорун түзүүдөгү аракеттерине кийлигишпегендиги эл аралык коомчулукка көрсөтүлдү",- деди. 

«Кара деңиз жээктерин миналардан  тазалап жаткан Украина тарап бул темада кадам ташташы керек»,-деп баса белгилеген Конашенков : "Бул чечим Киевдин Россиянын Кара деңиздин түндүк  -  батыш жагын  толугу менен көзөмөлгө алышынан улам дандын чыгарылышынын мүмүкн экендигин айтып, боло турган азык  - түлүк кризиси тууралуу   божомолдорду айтууга жол бербейт",- деди. 

Орус армиясынын Украинадагы аскердик инфраструктураларга кол салууларын улантып жатканын белгилеген Конашенков, Украинанын Днепр шаарындагы операциялык стратегиялык «Хортица» батальонунун штабынын 28-июнда деңизден атылган жогорку тактыктагы курал менен жок кылынганын айтты.

Харьков жана Днепр аймактарындагы 5 ок-дары жана курал кампаларынын Россиянын Аскердик Аба жана Космос күчтөрү тарабынан жогорку тактыктагы куралдар менен аткыланганын белгилеген Конашенков, Россиянын абадан согуштук тактикалык бөлүктөрдүн 39 штабы, ошондой эле аскерлер жана аскердик техниканын жок кылынганын билдирди. 

3 «Су-25» үлгүсүндөгү аскердик учак жана 9 учкучсуз учуучу аппараттын атып түшүрүлгөнүн маалымдаган Конашенков Одесса аймагындагы Бук-М1 абадан коргонуу ракеталык системасынын радар станциясы менен С-300 аба радар станциясынын атып түшүрүлгөндүгүн, Днепр аймагындагы коргонуу системасына сокку урулгандыгын белгиледи. 

Конашенков : «Учурда 224 учак, 134 тик учак, 1400 учкучсуз учуучу аппарат, 353 абадан коргонуу ракеталык системасы, 3 миң 859 танк жана бронетехника, 698 көп стволдуу ракета аткычтар, 3 миң 59 гаубица жана минометтор, 3 миң 916 атайын аскердик техника жок кылынды»,- деди. 



Тектеш кабарлар