Россияда бейтаптар локациялык маалымат менен иликтенет

Россияда ушул кезге чейин Ковид  - 19дан 9 киши каза болуп, 1836 киши вирус жугузуп, 66 киши айыкты.

1388329
Россияда бейтаптар локациялык маалымат менен иликтенет

 Россиянын борбор шаары Москвада үйдө дарыланып жаткан коронавирус бейтаптарынын кайда экендигин иликтөө үчүн  локация маалыматтары колдонулат.

Москва  муниципалитетинин төрага орун басары Анастасия Ракова өлкө медиасына берген маалыматта : «Үйдө өзүн изоляциялаган бейтаптар үчүн режимди катуулаштырып жатабыз. Бул бейтаптар үчүн туруктуу негизде географиялык жайгашуу маалыматын берүү зарыл. Бул биздин дагы ыкчам түрдө кыймыл кылышыбызга шарт түзөт»,- деди.

Ковид  - 19 даигнозу коюлган бир бейтаптын Коммуранкадагы ооруканадан качкандыгы жана коопсуздук камера системасы менен табылып, кайра ооруканага жиберилгендиги билдирилди.

Россияда ушул кезге чейин Ковид  - 19дан 9 киши каза болуп, 1836 киши вирус жугузуп, 66 киши айыкты.



Тектеш кабарлар