Россиянын президенти В. Путин орус армиясы үчүн Сириядан кошумча жер талап кылды

Россия менен Сирия өкмөтүнүн ортосунда 2015 -  жылы 26 -  августта кол коюлган келишим орус учактарынын жана аскерлеринин Хмеймим базасына акысыз жайгашуусун камтууда.

1426005
Россиянын президенти В. Путин орус армиясы үчүн Сириядан кошумча жер талап кылды

Россиянын президенти В. Путин Сирияда орус армиясына кошумча козголгус мүлк жана деңиз аянтынын бөлүнүшү үчүн жолдомо берди. Путин коргоо жана тышкы иштер министрликтерин Сирияда орус куралдуу күчтөрүнө кошумча козголгус мүлк жана деңиз аянтынын бөлүнүшү үчүн сириялык жетекчилер менен сүйлөшүү  менен милдеттендерди. Путин кошумча жерлердин бөлүнүшү үчүн 2015 -  жылы Россия менен Сирия өкмөтүнүн ортосунда кол коюлган келишимдин негизинде сүйлөшүүлөрдүн өткөрүлүшүн талап кылды.

Россия менен Сирия өкмөтүнүн ортосунда 2015 -  жылы 26 -  августта кол коюлган келишим орус учактарынын жана аскерлеринин Хмеймим базасына акысыз жайгашуусун камтууда.

Келишим боюнча Россия базанын колдонулушу үчүн Сирияга эч бир акы төлөбөйт. Базага жайгаштырыла турган учак, кызматкер жана каражаттар Россия тарабынан белгиленет. Хмеймим базасына жибериле турган каражаттар салык жана бажы текшерүүсүнө кирбейт.

Бул жерде кызмат кыла турган орус кызматкерлер жана үй  - бүлөлөрү дипломаттарга окшогон өзгөчөлүк жана кол тийбестикке ээ.

Сирия аткарган иштеринен улам Россияга жана кызматкерлерге карата эч бир доо ача албайт.

Россиянын армиясы Сирияда Хмеймим аба базасы менен бирге деңиз базасы катары Тартус портун колдонууда.



Тектеш кабарлар