Санага абадан кол салуу жасалды
Кол салуда 4 киши каза болуп, 48 киши жараланды.
Йемендин борбор шаары Санада Сауд Арабиянын жол башчылыгындагы коалиция күчтөрү жасагана абадан кол салууларда 4 киши каза болуп, 48 киши жараланды.
Чек билбеген дарыгерлердин Йемендеги кеңсесинин твиттерден берилген маалыматында коалиция күчтөрүнө таандык учактардын борбор шаар Санага абадан кол салуу жасагандыгы билдирилди.
Маалыматта кол салууда каза болгон 4 киши менен жараланган 48 кишинин борбор шаарда Чек билбеген дарыгерлерге караштуу ооруканаларга жаткырылгандыгы билдирилди.
Узун убакыттан бери саясий ыраатсыздык болуп жаткан Йеменде хусилер 2014 - жыл сентябрь айынан бери борбор шаар Сана жана кээ бир аймактардын текшерүүсүн көзөмөлдөөдө.
Сауд Арабиянын жол башчылыгындагы коалиция күчтөрү болсо 2015 - жыл март айынан бери хусилерге каршы Йемен өкмөтүнө колдоо берүүдө.
Тектеш кабарлар
Кытайда болгон сел жана жер көчкүдө 4 адам каза болуп, 10 адам дайынсыз жоголду
Кытайда нөшөрлөп жааган жамгырдан улам сел жана жер көчкү болуп, 4 адам каза болду.