Санчес Түркияга ыраазычылык билдирди

Испаниянын премьер-министри Педро Санчес Мадридде өткөрүлгөн НАТО саммитинде Түркияга «конструктивдүү мамилеси» үчүн ыраазычылык билдирди.

1850359
Санчес Түркияга ыраазычылык билдирди

НАТОнун мамлекет жана өкмөт башчыларынын саммитине катышуу үчүн Испаниянын Мадрид шаарына барган президент Режеп Таййип Эрдоган саммиттин алкагында эки тараптуу жолугушууларды өткөрүүдө.

Президент Эрдоган Румыниянын президенти Клаус Йоханнис, Германиянын канцлери Олаф Шольц, Нидерландиянын премьер-министри Марк Рютте, Испаниянын премьер-министри Педро Санчес жана Австриянын премьер-министри Карл Нехаммер менен өз-өзүнчө жолугушту.

Жолугушуулар жабык эшик артында өттү.

Бир тараптан Испаниянын премьер-министри Педро Санчес Мадридде өткөрүлгөн НАТО саммитинде Түркияга «конструктивдүү мамилеси» үчүн ыраазычылык билдирди.

Санчес маалымат жыйында: «Саммиттин эң чоң жыйынтыктарынын бири Финляндия менен Швециянын НАТОго кошулушу. Конструктивдүү мамилесинен улам Түркияга ыраазычылык билдирем»- деди.

Премьер-министр Санчес президент Режеп Таййип Эрдоган менен өткөргөн эки тараптуу жолугушуусунан кийин расмий Твиттердеги баракчасынан бөлүшкөн билдирүүсүндө: «Түркия коопсуздук жана ортомчулук боюнча негизги өнөктөш. Мен бүгүн президент Эрдоган менен жолуктум. Ага Орусиянын Украинага каршы агрессиясын токтотуу жана диалогду өнүктүрүүгө багытталган дипломатиялык аракеттери жана түштүк канатын бекемдөөгө көрсөткөн колдоосу үчүн ыраазычылык билдирдим»,-деп айтты. 



Тектеш кабарлар