Сауд Арабия өкмөтү журналист Жемал Кашыкчы кылмышын моюнга алды

Сауд Арабия өкмөтү Жемал Кашыкчы Стамбул консулдугунда киши колдуу болгондон кийин сөөгүнүн бөлүкчөлөргө бөлүнүп бул жерден чыгарылгандыгын моюнга алды.

1088719
Сауд Арабия өкмөтү журналист Жемал Кашыкчы кылмышын моюнга алды

Сауд Арабия өкмөтү Жемал Кашыкчы Стамбул консулдугунда киши колдуу болгондон кийин сөөгүнүн бөлүкчөлөргө бөлүнүп бул жерден чыгарылгандыгын моюнга алды.

Сауд Арабия башкы прокурорлугу Кашыкчы кылмышы тууралуу маалымат берди.

2 -  октябрда Стамбул консулдугунда иштелген кылмышта Кашыкчынын өлүм себебинин муунтуу жана өлтүрүүчү дозада дары экендигин ортого салган Сауд башкы прокурорлугу сөөктүн андан кийин бөлүкчөлөргө бөлүнүп консулдуктан чыгарылгандыгын белгиледи.

Саудиялык прокурор өлүм буйругунун консулдукта берилгендигин, сөөктү издөө ишинин да улантылып жаткандыгын айтты.

Жемал Кашыкчыны Сауд Арабияга алып баруу аракети ийгиликсиз болгондон кийин өлтүрүлгөндүгүн баса белгилеген саудиялык прокурор окуяга аралашкан 11 шектүү кишинин бешөөсүнө өлүм жазасынын берилиши талап кылынды.

Сауд Арабия башкы прокурорлугу өлүм буйругун сүйлөшүү үчүн Стамбулга келген топтун башындагы кишинин бергендигин ортого салды. Маалыматта шектүүлөрдүн бирөөсүнүн консулдуктагы камераларды бузгандыгы да билдирилди.

Бир тараптан мурескер принц Мухаммед бин Селмандын кеңешичиси Сууд ел  - Кахтани тууралуу тергөө ачылып Сауд Арабиядан чыгышына тыюу салынды.



Тектеш кабарлар