Шри Ланка президенти бир тууганын убактылуу премьер - министр кылып дайындады

Шри Ланканын президенти Готабая Ражапакса 15 мүчөлүү убактылуу өкмөтүндө премьер  - министр катары бир тууганы жана мурунку президент Махинда Ражапаксаны дайындады.

1310816
Шри Ланка  президенти бир тууганын убактылуу премьер -  министр кылып дайындады

Шри Ланкада өткөн жуманын акырында болгон шайлоодо жеңип чыккан  президент Готабая Ражапакса убактылуу кабинетти белгиледи.

Ражапакса 15 мүчөлүү убактылуу өкмөтүндө премьер  - министр катары бир тууганы жана мурунку президент Махинда Ражапаксаны дайындады.

Президент Готабая Ражапакса конституцияда уруксат берилген эң кыска убакытта жалпы шайлоого барыларын билдирди.

Парламенттин нормалдуу мөөнөтү август айында акырына чыгат бирок Шри Ланка конститутциясы президенттин март айында парламентти таркатып шайлоонун өткөрүлүшүнө мүмкүнчүлүк берүүдө.

Эс алуудагы аскер болгон Ражапакса агасы Махинда Ражапакса президенттик кызматты аткарган 2005 – 2015 -  жылдары  коргоо министрлик кызматын аткарган.

Ражапакса коргоо министри болуп турган кезде Тамил жикчилдери менен өкмөт күчтөрүн бетме  - бет алып келген жарандык согушта орчундуу ролду аткарган президент Ражапаксанын өзгөчө 2009 -  жылы жарандык согушту акырына чыгарган кандуу кагылышуулар болгон процессте адам укуктарын бузуу, сотсуз адам өлтүрүүлөр, белгисиз кылмыштардагы ролу тергөөгө алынган.



Тектеш кабарлар