Си Цзиньпин: «Ковид-19ду жеңүү үчүн күчтүү эл аралык кызматташуу керек»

Дүйнөлүк Экономикалык Форумдун (WEF) «2022 Давос күн тартиби» ачылыш сөзүн сүйлөгөн президент Си, Ковид-19 менен күрөшүү жана эпидемиядан кийин дүйнөлүк экономиканы калыбына келтирүүнү талкуулады.

1763982
Си Цзиньпин: «Ковид-19ду жеңүү үчүн күчтүү эл аралык кызматташуу керек»

Кытайдын төрагасы Си Цзиньпин коронавирустун жаңы түрүн (Ковид-19) жеңүү үчүн күчтүү эл аралык кызматташуу керектигин билдирди.

Дүйнөлүк Экономикалык Форумдун (WEF) «2022 Давос күн тартиби» ачылыш сөзүн сүйлөгөн президент Си, Ковид-19 менен күрөшүү жана эпидемиядан кийин дүйнөлүк экономиканы калыбына келтирүүнү талкуулады.

Дүйнө глобалдык деңгээлде чоң өзгөрүүлөрдү башынан өткөргөнүн белгилеген Си: «Биз башыбыздан кечирип жаткан өзгөрүү 100 жылда бир жолу көрүүчү эпидемия менен айкалышып жатат. Дүйнө бүгүн татаал өткөөл мезгилде. Эпидемияны жеңүү жана Ковид-19дан кийин жаңы дүйнөнү куруу бүгүнкү күндө биздин эң чоң түйшүккө айланды»,-деп айтты.

Эпидемиянын дүйнөдөгү эч бир өлкөгө башкача таасир этпегенин баса белгилеген Си: «Чакан кемелер бороонго алсыз, бирок чоң кемелер бороонго туруштук бере алат. Эл аралык коомчулуктун аракети менен Ковид-19 менен күрөшүүдө чоң ийгиликтерге жетишилди»,-деди.

Ковид-19дун глобалдык ден-соолук коопсуздугу жана глобалдык экономика үчүн олуттуу коркунуч туудурганын белгилеген Си: «Эпидемияны жеңүү үчүн күчтүү кызматташуу зарыл. Күнөөнү башка бирөөгө жүктөө жана кармануу Ковид-19 менен күрөшүүдө ашыкча кечигүүлөргө алып келет»,-деп өз баасын берди.

Вакцинанын эпидемияга каршы күчтүү курал экенин баса белгилеген Си: «Кытай ушул убакка чейин 120дан ашуун өлкөгө жана кээ бир эл аралык уюмдарга 2 миллиарддан ашык доза вакцинаны жеткирди. Мындан тышкары, биз Африка өлкөлөрүнө 600 миллиону донордук болгон 1 миллиард доза вакцинаны жөнөтөбүз. Ошол сыяктуу эле,. Азия өлкөлөрүнө 150 миллион доза вакцина жардам беребиз»,-деп айтты.

Ковид-19дан кийин дүйнөлүк экономиканын калыбына келишине байланыштуу Си, мындай деди: «Өнүккөн өлкөлөр акча-кредит саясатында бир кадам артка кетип, мамилесин өзгөртсө, мунун терс кесепеттери дүйнөгө жайылып, анын акысын өнүгүп келе жаткан өлкөлөр төлөйт. Биз дүйнөлүк мамлекеттер катары дубалды эмес, тоскоолдуктарды алып салышыбыз керек. Бири-бирибизге ачык болушубуз керек, бири-бирибизден ажырабашыбыз керек, тескерисинче, интеграция болушубуз керек. Ушундайча глобалдык ачык экономиканы кура алабыз».

Си анын өлкөсү глобалдык өнүгүү боюнча убадаларын конкреттүү кадамдарга айландыруу үчүн бардык өнөктөштөрү менен иштөөгө даяр экенин билдирди.

«Давос 2022 күн тартиби» жыйындары 21-январда жыйынтыкталат.



Тектеш кабарлар