Сирияда 5,2 баллдык жер титирөө: Түркияда дагы сезилди

Түркия убактысы боюнча саат 14:17де катталган жер титирөөнүн эпицентри Сириянын Хасеке шаары деп билдирилди.

1571455
Сирияда 5,2 баллдык жер титирөө: Түркияда дагы сезилди

Сириянын Хасеке шаарында күчү 5,2 баллга жеткен жер титирөө катталды.

Апаат жана чукул кырдаалды башкаруу башкармалыгынын (AFAD) маалыматына караганда, жер титирөө 11 чакырым тереңдикте болду. Түркия убактысы боюнча саат 14:17де катталган жер титирөөнүн эпицентри Сириянын Хасеке шаары деп билдирилди.

5,2 баллдык жер титирөө Түркиянын Түштүк-Чыгыш Анадолу аймагындагы облустарда дагы сезилди. Өзгөчө Мардин чек арасында жашаган жарандар жер титирөөнү сезишти.



Тектеш кабарлар