Словениянын президенти Түркияга ыраазычылык билдирди

Президент Пахор Анкарада өткөрүлгөн 13-элчилер конференциясында катышуучуларга кайрылуу жасап, Түркиянын Украина менен Орусиянын ортосундагы ортомчулук аракеттерине жана Украина данын дүйнөлүк рынокко жеткирүүдөгү ролуна токтолду.

1866015
Словениянын президенти Түркияга ыраазычылык билдирди

Словениянын президенти Борут Пахор, Түркиянын Украина данын дүйнөлүк рынокко жеткирүүдөгү аракеттерин баалагандарын айтты.

Президент Пахор борбор шаар Анкарада өткөрүлгөн 13-элчилер конференциясында катышуучуларга кайрылуу жасап, Түркиянын Украина менен Орусиянын ортосундагы ортомчулук аракеттерине жана Украина данын дүйнөлүк рынокко жеткирүүдөгү ролуна токтолду.

Пахор: «Мен Түркиянын ортомчулук аракеттерин урматтоо менен куттуктайм жана баалайм. Украина данын дүйнөлүк рынокко жеткирүүдөгү аракеттериңиз үчүн ыраазычылык билдиребиз»,-деп айтты.

Швеция менен Финляндиянын НАТОго мүчөлүгү боюнча Түркия кол койгон келишимди да жогору баалагандарын баса белгилеген Пахор, бул эки өлкөнүн келишимдин негизинде НАТОго мүчө боло ала тургандарына көңүл бурду.

Президент Режеп Таййип Эрдоган менен көптөн бери бири-бирин тааныганын жана тез-тез жолугушканын белгилеген Пахор, Түркия менен Словениянын ортосунда 11 жыл мурда стратегиялык кызматташтык келишимине кол койгондорун эске салды.

Борут Пахор: «Словения чындыгында өтө көп өлкө менен мындай келишимдерге кол кое бербейт. Демек бул Словениянын сиздин өлкөңүзгө маани берип жатканынын көрсөткүчү. Эки өлкөнүн ортосундагы мамилелер жыл сайын бекемделип уланууда»,-деди.



Тектеш кабарлар