Суданда болгон митингдер

Судандагы митингдер 19  - декабрда өкмөттүн нандын баасын көтөрүшүнөн кийин Нил дарыясынын жээгиндеги Атбера жана Порт Судан шаарларында башталды

1129975
Суданда болгон митингдер

Судандын борбор шаары Хартумдун батышындагы Умдурман шаарында парламентке карай барууну каалаган митингчилерге полиция кечээ көздөн жаш агызуучу газ менен кийлигишти.

Көргөн күбөлөрдөн алынган маалыматка караганда дарыгер, мугалим жана инженерлер мүчөсү болгон Судандык кесиптер коому менен бирге 3 оппозициячыл коалиция партиясынын чакыруусу менен өткөрүлгөн митингге көп сандган судандык катышты.

Мамлекет башчысы Өмер ел  - Беширдин бийликтен чыгышын талап кылган арызды жетекчилерге тапшыруу үчүн шаардын борборундагы Шухеда аймагы менен Ербаин проспектисинде жолугушкан жана парламентке карай жүрүшкө чыккан митингчилер «Эркиндик, тынчтык, төңкөрүштүн адилеттиги элдин тандоосу» деген ураандар менен жүрүштү.

Коопсуздук күчтөр митингчилердин парламент имаратына жакындашына тоскоол болуу үчүн көздөн жаш агызуучу газ колдонду. Шаардын кээ бир маалаларында митингчилер менен коопсуздук күчтөрүнүн ортосунда кагылышуу чыкты.

Судан мамлекет башчысы Бешир кечээ берген маалыматында дагы жакшы шарттар жана экономикалык талаптар үчүн митингге чыккан судандык жаштарга сый көрсөткөндүгүн бирок талаптардын саботаж кыймылдары менен ишке ашырыла албай тургандыгын белгилеген.

Судандагы митингдер 19  - декабрда өкмөттүн нандын баасын көтөрүшүнөн кийин Нил дарыясынын жээгиндеги Атбера жана Порт Судан шаарларында башталды бирок кыска убакытта бир топ аймакта режимге каршы митингге айланды.

 



Тектеш кабарлар