Тажикстанда шайлоодон кийин өкмөт арызын берди

Тажикстанда Президенттик шайлоодон ийгиликтүү чыккан Имамали Рахман кечээ ант берип, кызматына киришкенден кийин өкмөт жаңы министрлер кабинетин түзүү үчүн отставкага кетти.

1519190

11 - октябрда өткөн шайлоодо жеңип чыккан Имамали Рахман кечээ ант берип, жаңы министрлер кабинетин түзүү үчүн өкмөттүн отставкасын шарттаган буйрукка кол койду.

Рахман кол койгон дагы бир жарлык менен эски өкмөт жаңы өкмөт түзүлгөнгө чейин өз милдетин аткарып турушу керек деген чечим кабыл алынган.

Өлкөнүн мыйзамдарына ылайык, президент кызматка киришкенден кийин жаңы министрлер кабинетин түзүү үчүн өкмөт отставкага кетет.

Кечээ Душабедеги "Кохи Салмон" сарайында өткөн салтанатта Имамали Рахман ант берип, жаңы мезгилдеги ишин баштады.

1994-жылы, 1999-жылы, 2006-жылы жана 2013-жылы өткөн президенттик шайлоодо жеңишке жеткен Рахман ат салышкан 11 - октябрда өткөн президенттик шайлоодо 90,92 пайыз добуш алып, бешинчи жолу президент болуп шайланды.

Тектеш кабарлар