Террордук уюмдун ЙПГ/ПКК Дейрузордогу кол салуусунда 2 киши каза болду

Террордук уюм кол салуу болгон ел  -  Хавайыч айылы менен бирге Шухейл жана Зейбан аймактарына көп сандаган террорист жиберди.

1467545
Террордук уюмдун ЙПГ/ПКК Дейрузордогу кол салуусунда 2 киши каза болду

Террордук уюм ЙПГ/ПКК Сириянын чыгышындагы Дейрузор элетинде кенен масштабдуу митингдер болгон айыл жана аймактарды курчоого алып ондогон кишини алып кетип, 2 кишини өлтүрдү.

Жергиликтүү булактардан алынган маалыматка караганда террордук уюм ЙПГ/ПКК Дейрузор облусунда аймактын алдыңкы Арап уруусунун жол башчысына жекшемби күнү кол салгандан кийин башталган жана кыска убакыттын ичинде кенен масштабдуу митингге айланган окуяларды бастыруу үчүн аракетке өттү.

Террордук уюм кол салуу болгон ел  -  Хавайыч айылы менен бирге Шухейл жана Зейбан аймактарына көп сандаган террорист жиберди.

Бул отурукташуу жерлеринин кириш жана чыгыштарына көзөмөлдөө пункттарын курган террордук уюм аймакты курчоого алды.

Террордук уюм ЙПГ/ПКК Хавайыч жана Шухейлде команданттык саат киргизди. Террористтер жүргүзгөн тинтүүлөрдө ондогон кишини алып кетип, акыркы 2 күндө 2 киши  террористтердин кол салуусунда каза болду. Каза болгон эки кишинин бирөөсү аял болгон.

Террордук уюм ЙПГ/ПККга колдоо берген АКШнын жол башчылыгындагы коалиция күчтөрүнө таандык аскердик учактар аймакта учууларды аткарды.



Тектеш кабарлар